«Тазалык» ишканасынын жумушчуларынын маянасы жогорулады

0
737

Баткен шаарындагы “Тазалык” ишканасынын жумушчуларынын маянасы 2000 сомго жогорулады. Бул тууралуу аталган ишкана жетекчиси Чыңгыз Мурадиллаев “Салам” медиага билдирди.

Ал 2022-жылдын январь айынан баштап, тазалоочулар 9 миң 500 сом, ал эми жүктөөчүлөр 15 миң 500 сом ала баштаганын айтат.

Маалым болгондой, «Тазалык» ишканасы өзүн өзү каржылаган ишкана болгондуктан, ишкананын материалдык техникалык абалы жана жумушчулардын маянасы элдердин тазалык үчүн төлөгөн төлөмүнөн көз каранды.

Ишкана жетекчисинин маалыматында 2022-жылдын январь айынан баштап, «Тазалык» ишканасы шаардын ар бир кожолугу менен келишим түзүп баштаган.

Белгилей кетсек тазалык үчүн ар бир жаран айына 20 сом төлөөсү бекитилген.
«Тазалык» ишканасы шаардын 30миңге жакын калкын тейлейт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here