100 миң сом уурдаган өспүрүмдөр кармалды

0
987

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти

Кадамжай районунун 42 жаштагы тургуну 1-февраль күнү жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип, шкафтын ичинде турган 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрө баштаган.
Кадамжай районунун аймагында өткөн “Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 15 жаштагы жана 12 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалып, тергөөгө алынып келинген.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here