Адам баласы эртеңкисин ойлонууга кечиктирилгис мезгил келип жетти.
Бизге апендидей көрүнгөн өңү хуник көрүнгөн адам алаканына бир ууч топурак салып алып “бул топуракта кай замандар адамынын дени жатат. Биз дагы кези келгенде топурака айланабыз” деп, алаканындагы топуракты ары-бери аралаштыра кобураса “бул адам акылынан адашкан көрүнөт” деп жанында турган адам таң калып жатпайбы философиянын дербишине айланган адамды “ бечара, акылынан адашып калыптыр да” деп аяп. А бул сырдуу туюлган сөздүн төркүнүндө адам акылы ишенбеген не деген философиялык ойлор жатканын, өткөн менен бүгүнкүнү терең аңдай албаган адамга бул дүйнө адам баласы үчүн ушинтип жаралган, жашоо ушинтип улана берет, бул тирүүлүк түбөлүктүү деген эртеңкинин кандай-андай болооруна камырабаган түшүнүк кайсы бир мамлекет башчылары болобу, илимпоздору болобу жердеги адам баласынын жашоону мындан ары кандай болот деген тынчсызданган ой жүгүртүү жок сыяктанат. Мындай карап көрсөң дүркүрөп өскөн илимий техникалык прогреске таянып “керек болсо башка планетадан жашоо табабыз” деген камырабастыка барып жаткандайбыз. Кийин ошо апендидей көрүнгөн адамдын алаканындагы топурак мени да терең ойго салды. Бул көөнө жердин тагдыры да миллиярдаган жылдар катмарында табийгаттын опурулуп сапырылганынан жер бетинин эки жолу суу каптап илгерки такыба аалымдардын баянында дүйнөнү экинчи жолу суу каптоосунда Нук пайгамбар кеме жасап кургакта жашаган жандыктардан эркек, ургачы кыла сактап калгандыгы, ал эми адам ата менен обо эненин муз үстүндө кошулуусунан адам тукуму уундан муунга уланып келаткандыгын тээ 60- жылдарга дейре такыба аксакалдар кебинде айтылып “паймана толду, акыр заман белгиси, бул жакшылыктын жышааны эмес” деп калышчу. Ошондогу аксакалдын “паймана” дегени эмнеси, же жамандыктын белгисиби?”деп жүрүп бир күнү энемден “аксакалдар паймана толду, бул жамандыктын белгиси дешет, же бул пайманасы жаманбы?” десем, “а, балам, паймана толду дегени адам баласы жер бетине толду, бул жамандыктын белгиси, согуш болуп, ооруу сыркоо көбөйүп, эл кырылып, жер бетини мазар каптайт дегени. Андай каргашалуу күндөрдөн кудай сактасын. Экинчи “паймана -толду” деп сүйлөбөгүн. Биз көрдүк, силер көрбөгүлө. 1916-17-18-жылдардагы эл кырылган “мапаа” жылдарын окуп калганым болду. Көрсө орто кылымдан бери, ар жүз жылдыкта элдин үшүн ала кыргын таптырган холера, чума, анан “мапаа” жылы атанган, элди түгөл кыргынга учураткан ооруу “Испан гриби” аба аркалуу тарап үч жыл аралыгында дүйнө боюнча 100 миллион адамга кыргын салган экен. Анан калса дүйнөлүк биринчи согуш өрт алып эки тараптын аскерлери согуш талаасында октон эмес “Испан грибинен” кырыла берип эки тараптуу согуш ошонон токтогон экен. Мына эми илгеркилердин паймана толдусу адам баласынын башына дагы келип “Таажы вирусу” дүйнө элдерини түгөл каптап жер шарыны беткап кийгизип койду. Дагы адамдардын бактысына медицинанын күчтүүлүгүнөн кыргын тапкандар бактыга жараша аз. Эгер медицина күчсүз болгондо сөздүн ачыгы дүйнө эли түгөл кырылмак. Жанагы бир ууч топуракты алаканында кармаган адамдын философиялык сүйлөгөн сөзүн карабайсынбы бир замандардан бери бул басып турган жериң да мазар болгон деген сөздү айткысы келип жатпайбы. Бул эми карапайым адамдын төгөрөгүндөгү быкпырдай кайнаган адамдарды карап туруп “адам баласы минтип чеги жок көбөйүп отурса кийинки адам жашоосу кандай болот, же башка планетадан жашоо табышабы?” деген амалы жок ойлорго чарпылып, өзүнүн туюмундагы ойду алакандагы топурак менен айткысы келип жатпайбы.
Жашырып не, жер бетине адам толгонун баарыбыз эле көрүп, билип турабыз. Бирок айтканга дитибиз барбайт. Али турмуш жашообузга пайдаланып жүргөн мал жандыктарды да жайытына жараша кармагандай адам баласына да кенен кесир жашоосуна ар бир мамлекет чектөө киргизүүсү шарт болуп жатпайбы. Болбосо быкпырдай кайнаган, жөө басканга жол жок адам жашоосуна кирип келген таажы вирусун мына жеңебиз деген менен дагы бир жугуштуу ооруусу мындан ары болбойт деп ким кепилдик бералат. Мурда эми мындай илимий техникалык ачылыштар жок кайсы мамлекет кантип жашап жатат бири-биринен кабары жок эле. Азырчы, интернет желеси аркалуу дүйнө жашоосу алаканга салгандай көрүнүп турат. Бир мисал, жакында интернет желеси аркалуу Индия мамлекетинин Мумбай провинциясын, бизче бир облусун көрүп калганым болду. Ошол облуста 29 миллион калк жашайт экен, бир Өзбекистандын эличе. А ошо Мумбайдын 2,5 километр узун жолдуу кыштакчада жолдун эки жагында 1 миллион адам жашайт деген, бир күндө ажатканага 1400 адам кирип чыгат экен. Укумуштуунун төөсү жорго деп ушуну айт. Көрүп отуруп адам баласы айла кеткенде ушинтип жашаса да болот турбайбы деп бул Индиянын премьер министри Мониндра Моди эл аралап адамдарынын жашоосунан кабар албайт окшойт деп калдым. Адам баласынын кенен кесир жайлуу жашоосу үчүн эл башынын алдын ала ойлонуусу керек болуп жатпайбы. Мына кечөөкү тажы вирусунун айынан кыргыздарда деле мазарлар көбөйүп, ооруканаларга жатып дарылануучуларга орундар жетишпей мындай карап туруп шаар, кыштактарыбыз оорууканаларга толуп кетеби деп да ойлойсун. Дагы бирөөлөр чыкты адамдардын төрөлүүсүнө чектөө киргизсең пенсионерлер көбөйүп кетет деп. Андай ой жүгүртүүлөргө менин айтаарым ар бир курактын өзүнүн жашоо орду бар. Анан дагы бирөөлөр чыкпадыбы президент кетсин баары жок кымбаттап кетти деп. А ошо кетсин деген жаран ойлоду бекен бул Кыргызстаныбызда канча кол, канча ооз бардыгын. Көрсө адам баласы өткөн күндөрүн дароо эле унутат деген ушул да. Болбосо өткөн союздун кыйроосунда кандай гана кыйын күндөрдү баштан кечирбедик, азыркы бабыраган барчылыка маарыган кыргыз элим. Эт, май азыктарын ары кой нан табалбай акча тапсаң ун жок, сатып алайын десең акча жок күндөрдүн, жылдардын азабын тартканча тарттык го. Чет элдиктер гумжардамга жөнөткөн кийимдерин талашып жатып кийбедикпи. Алы илгери аксакалдардын айта жүргөн бир кеби бар эле. “ А, балдарым, бардын жогу болот, кордун зары болот. Жок деп эле жатып калбагыла. Барга жокко көнө жашоого үйрөнгүлө” дешчү эле. А кечөөкү казак туугандар эбепке себеп болгон шылтоолору газ отуну себеп болуп карапайым адамдарды күшкүттөгөн чагымчылдардын элди дүрбөлөңгө салып жасаганы. Мезгилинде Англиянын Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы премьер министри Уингстон Черчилдин минтип айтканын окуп калдым эле. “Демократиянын жаман жактары өтө көп. Адам баласына чексиз эркиндиктин берилиши өтө опурталдуу, кийин аны башкарууга болбой калат” дегени. Мына азыркы дүйнөдөгү бир тынымы жок башаламандыкты көрүп жатпайбызбы. Бийлик алмаштыруу төңкөрүлүштөрү токтобой келет. Уингстон Черчилдин философиясынын алдын ала көрө билгичтигине биз адамдар тан бербеске айлабыз жок эртеңки адам жашоосунун кандай болооруна акыл калчай албай турган чагыбыз.
А адам жашоосунун кандай андайлыгын аңдап, туюп турган илим билимдүү адамдардын көкүрөк дилинде кичүү, чоң мамлекет дебей адам баласынын төрөлүүсүнө чектөө киргизүү керектиги көкүрөктөрүндө сезип турса да ушундайлыка барыш керек деп жарып айталышпайт. Бир учурда кытай мамлекети адам төрөлүүсүнө чектөө киргизип кайрадан эки, үч балага уруксат берип жиберишпедиби. Ал эми Кытай менен Индияны кой кичинекей Пакистан 260 миллион калкы менен териториясы эң чоң Россия Федерациясы анын алдында 170 миллион менен эле жашоо кечирип жатат. Ушул адам санынын көбөйүүсүнө байланыштуу өз көрөгөчтүгүн айткан дүйнөдөгү улуу астролог, бизге көзү ачык жылдыз санагыч, өзү түпкү теги Египеттик, Француз жараны, мындан 500 жыл мурда жашаган Мишел Нострадамустун ар бир кылымга берген мүнөздөмөсү “Интуис” китебинде айтылып жазылган. Анын 21- кылымга берген мүнөздөмөсүн окуп таң каласын. “21- кылым адам баласы тарабынан да, табигат тарабынан да өтө опурталдуу келип, ага адам баласы акылдуулук менен мамиле кылалса гана жер аманчылыгы, адам аманчылыгы жашап кеталат” дегени бар
Мына көзү ачык астролог айткандай азыркы күндөрдө эле табигатта да, адам баласында да эмне деген опурталдуу көрүнүштөр жүз берип жатат. Али көп нээрсенин кадыры болбой калат дегендей азыр адам баласынын кадыры кетип барат. Мындай карап туруп боо, боо түшө кыйроодон өлгөндөр нан жегендей эле камырабаган кеп болуп калды. Албетте мындай кабатыр ой бир эле адамдын, жанагы алаканында топурак кармап кантип айтаарын билбей турган адамды деле мындан ары адам баласынын жашап кетүүсү кандай болот деген кабатыр ой болсо керек дейсин. Тилегиң эле элдин үшүн алган “мапаа” жылдар келбесе экен, пендесинин жашоосуна бүткөн жер бирөө, опурулуп сапырылган кыйроолордон жашоо берген жер жабыркабаса дейсин.
Мурзапар Үсөн Аль Мервани
Жазуучу
02.01.2022-ж