10.7 C
Баткен
Вторник, 30 апреля, 2024

Эмдөө өмүрдү сактайт: Баткенде канча адам эмдөөдөн өттү?

Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өттү деп айтса болоорун маалымдады. Абалдын жеңилдешине эмдөө жакшы натыйжа берип жатканын дарыгерлер белгилейт.

Баткен облусунун башкы эпидемиолог дарыгери Асель Кошбаеванын айтымында эмдөө алган адамга короновирус илдети жукбайт деген 70% дан 94% га чейин кепилдик берилет. Оору жукса да жеңил өтөт жана 4 -5 күндө айыкса болот. Ал эми эмдөө албаган жарандардын өнөкөт оорулары болсо, анда кыйналып калышы мүмкүн.
Дарыгерлер бул илдеттен сактануунун негизги жолу эмдөө экенин айтып, коомчулукту эмдөөдөн өтүүгө чакырып келишет. Ошондой эле Баткен облусунда эмдөө иш чаралары жандуу жүрүп жатканын белгилешет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматына таянсак, Баткен облусунда 185 миң 695 адам эмдөө алыш керек болсо, биринчи доза менен эмделген жарандар 53% ды түзүшөт, экинчи дозаны алгандар 44% ды, ошондой эле үчүнчү  дозаны алган жарандардын саны 2656 адамды түздү.
Бөрүбековдун айтымында учурда кызыл зонада 33 бейтап дарыланууда.
2020-жылдын март айынан бери облуста 12375 коронавирус менен ооруган жарандар катталган.
Белгилей кетсек, оорудан коргонуунун жолу катары адистер эмдөө менен катар, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертишет. Ошондой эле эл көп чогулган жайларга барбай турууну айтып келишет.
Айжамал Абдикаарова, журналист

Окшош материалдар

Жаңы материалдар