Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү, анын ичинен Баткен облусунан 9 окуучу орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатына ээ болду.
Маалыматка ылайык, тест жүргүзүү 14-майда өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышкан. Талапкерлер “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын 4 милдеттүү окуу сабагы: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тапшырышты.
Белгилей кетсек, «Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түшкөн.