Баткенде 5,5 млн рублга алдап качып жүргөн тургун кармалды

0
82

Баткен районунун 42 жаштагы тургунунун 5 592 000 рублун, алып изин жашырып жүргөн Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган тургун, жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Шектүүнүн үстүнөн 24 тургун арыз жазган. Учурда материалдык чыгым 216 млн сомду түзөт.

Кармалган тургун, убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Эгер сиз дагы кармалган тургунга алданган болсоңуз милицияга кайрылыңыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here