Билим берүү министрлиги Зардалыда китеп маселеси чечилгенин билдирди

0
35

Бүгүн, 25-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги, Баткендин Зардалы айылындагы мектептин китеп маселеси чечилгенин кабарлады.

Министрликтин маалыматында, Зардалыда 2024-2025-окуу жылында 2-класста бир окуучу, 3-класста 3 окуучу билим алып жатат. Мектепте директор жана башталгыч класстардын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош турат. Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди.

Эске салсак, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бийлик өкүлдөрүн Баткен районунун алыскы Зардалы айылындагы социалдык көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырган. Анда Зардалыдагы мектеп окуучуларына түзүлгөн шарт да белгиленген эле.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here