26-27-сентябрда Баткен шаарында мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө арналган медиа сабаттуулугун жогорулатуу боюнча семинар өттү.
Иш-чарага Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорнун жана Сүлүктү, Кызыл Кыя шаарларынан келген 25тен ашык катышуучулар катышты. Алар жалган маалыматтарды аныктоо, кризистик кырдаалдарда ачык-айкындуулукту сактоо, ошондой эле ЖМК менен эффективдүү иштешүүнү үйрөнүштү.
Бул окутуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштуруп, ЮНЕСКО жана БУУӨП колдоого алган.