Сүрөт: Turmush басылмасы
Кадамжайдын Тамаша айылында беш бөлмөлүү үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, өрттүн жалпы аянты 180ч/м түзгөн. Анда гилем, шифер, айнек, жууркан, идиш, диван, гарнитура өрттөлгөн. Өрт тууралуу маалымат 27-сентябрга караган түнү саат 02:34тө келип түшкөн. Өрт саат 04:43тө толук өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын чыгуу себептери такталып жатат. Жабыркагандар жок.