Баткендин Лейлек районунда мал уурдоого шектелип, Катраң айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Катраң айылынын эки тургуну кочкорун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан Катраң айылынын 26 жаштагы тургуну уурдалган кочкорлорду мал базарда сатып жаткан жеринен кармалды.
Ошондой эле, кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.