Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тестирлөө 18-майдан 25-июнга чейин үч этап менен өтөт. Биринчи этап 18, 19, 20-майда, экинчи этап 22, 23, 24-майда, III этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда болот.
Ошондой эле каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.