Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну Темирбаев Жигитали табылды

0
5360

Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну 25.12.1988 жылы туулган Темирбаев Жигитали Мухтаровичтин жансыз денеси 2021 — жылдын 21 — октябрь күнү түштөн кийин 15:00 чамасында үйүнөн табылган. Азырынча өлүмүнө эмне жана ким себепкер болгону так билине элек. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы 22 — октябрга толук маалымат берүүгө аракет кылаарын билдирип кетишти. Маалыматты эртең биздин Салам Медиа youtube баракчабыздан көрө аласыздар.

Эске салсак Бужум айылынын тургуну Жигитали Мухтарович 17 — октябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эместиги маалым болгон.

Бирок 4 күндүк издөө иштеринен соң үйүнөн жансыз денеси табылган.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here