Бишкек шаарындагы «Империя пиццы » кафесинен 85 жаран тамактан ууланды

0
859

Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7.30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

24-октябрда тамакка ууланган 12 адам кайрылганы, алардын үчөө жаш балдар экени, үч аял ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 25-октябрда ооруканага кайрылган 85 адамдын ичинен бир аял ооруканада дарыланып жатканын, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин дарыланууну үйлөрүнөн улантуу үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Империя пиццы» кафелер тармагы убактылуу буйрутма алуусун токтотту. Бул боюнча маалымат инстаграм баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, иликтөө иштери бүткөндөн кийин расмий жооп болоору айтылат.

Буга бул тамактануучу жайлардан 85 киши ууланганы себеп болду. Массалык уулануу эмнеден улам болгону азырынча белгисиз.

Аталган кафелер тармагынан Бишкек шаары боюнча 17 филиалы бар. Исмаилов Равшат Абдурашитович расмий катталган. 2021-жылы 1,2 млн сом салык төккөн.

[embeddoc url=»https://www.instagram.com/p/CVaXuzCM-ms/?utm_source=ig_embed&ig_rid=8f665142-7dd1-4ee5-bec7-39c10218c206″]

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here