40 даана брондолгон аскер техникалары алынды

0
1277

Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу бюджеттик акчага 40 даана брондолгон аскер техникасын сатып алганын президенттин маалымат кызматы билдирди. «Бул башка бирөөгө кол салууга даярдык эмес, өлкөбүздүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чатакташкан эмеспиз, колубузда курал -жарак менен башка бирөөнүн аймактарын басып алган эмеспиз жана келечекте да андай нерсе болбойт. Бирок,биздин аймактарды басып алууга аракеттер болсо, жооп катаал болот «, — деди Садыр Жапаров УКМКнын Чек ара кызматына жабдууларды тапшыруу аземинде. Анын айтымында, Куралдуу күчтөрдө инвентаризация жүргүзүлдү — иштен чыккан бардык жабдуулар 2022 -жылдын жазында жаңыртылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here