Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган форум өттү

0
460

Бүгүн 14-октябрда «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” аталышындагы   инвестициялык форум болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин,  өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты облустун ишкерлик потенциалын ачуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аркылуу аймакка инвестиция тартуу, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу.

Форумда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев “Бүгүнкү форум өнүгүүнүн башаты болгон — тарыхый иш чара”,  ошондой эле Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүүгө ар бир жаран өз салымын кошуп, аракет жасаса, форум өз максатына жетээрин белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Форумдун жыйынтыгында бир катар  документтерге кол коюлду.

Ошондой эле  коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунушталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here