Форумда Баткенге туристтик, логистикалык борбор,парк куруу жана бир катар кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду

0
454

Бүгүн 14-октябрда Баткен шаарында өткөн инвестициялык форумдун алкагында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КРнын Инвестициялар министрлиги, КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана ишкерлер, бизнес өкүлдөрү менен бир катар кызматташуу боюнча меморандумдарга жана келишимдерге кол коюшту.

Алар:

  1. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Мега Джек» ЖЧКсынын ортосунда 4 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандуму.
  • “Лейлек районунун Арка айылында парк зонасын куруу” долбоору;
  • “Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу” долбоору;
  • “Баткен шаарында отель куруу” долбоору;
  • “Кызыл Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо” долбоору.
  1. КРнын Инвестициялар министрлиги менен “Шампан вино заводу” ЖЧК ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  2. КРнын Инвестициялар министрлигине караштуу МЖӨ борбору, Лейлек районунун Сумбули айыл аймагынын өз алдынча башкаруусу жана “Т. Ибрагимов” ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун даярдоо боюнча меморандум
  3. Зардалы кичи ГЭСинин курулушу боюнча КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Ак-Буура Групп” ЖЧКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму.
  4. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “ROYALSAFA” компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жана Баткен облусунда туристтик борбор куруу боюнча меморандум.
  5. КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “Mak Fidanchilik” компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жана Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу боюнча меморандум.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here