Баткен району Түркия менен кызматташат

0
928

 

Бүгүн Баткен районунун акими У. Жоробаев жана Баткен шаарынын мэри И. Буркановтор Туркия Республикасынын сатуу жана өндүрүү палатасынын директору Огузхан Ата Садикоглу менен жолугушту.
Анда Огузхан Ата Садикоглу менен Баткен районунун аймагында мөмө жемиштерди кайра иштетүү, тоо кен жана текстиль тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жана макулдашуулар болду.
Жакынкы аралыкта тигүү фабрикаларын куруу менен мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цехтерди жана тоо кен байлыктарын иштетүүчү ишканаларды куруу жагы пландаштырылып, ыңгайлуу жагдайлары кеңири талкууланды.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Түркия Республикасынын сатуу жана өндүрүү палатасы менен алдыда тыгыз иш алып барып, райондун сациалдык жактан өнүгүшүнө чоң өбөлгө болоорун баса белгилеп, биргеликте кызматташуу максатын билдирип, ыраазылык айтып өттү.
Жолугушуунун соңунда Огузхан Ата Садикоглу Баткен районунан жана Баткен шаарынан атайын жумушчу делегацияны Түркия өлкөсүнө тажрыйба алмашуу жана жумушчу сапарына чакырып кетти.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here