Тажикстан кармалган кыргыз окуучуларын кайтарып берди

0
1051

Кыргыз-тажик чек аралаш аймагында Баткен жана Согди облус башчылары жолугушту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында орун алган окуялар боюнча талкуу жүрдү. Анан да 2021-жылдын 23-сентябрь күнү Көк-Таш айылынын Дахма участкасында тажик окуучуларынын кыргыз окуучуларын мектептен кайтып келе жаткан жеринен ур-токмокко алгандыгы, жана Лейлек районунун Жаштык айылы менен чектешкен Тажикстандын Хистеварз айылындагы кармалган 2 окуучу боюнча кеп болду.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган эки окуучу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары бошотулду.

Мындан сырткары эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да соц баракчаларда чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты.

Эске салсак эки облустун башчыларынын эки тараптан күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте жолугушуп, чек аралаш аймактарда чыр-чатактарды алдын алуу иш аракеттерин жүргүзүү боюнча жолугушууларды чек аралаш аймактарда ай сайын эки жолу өткөрүп туруу боюнча эки тараптуу макулдашылган.
***
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here