Кылым каарыткан кыргыз тили!

0
5879

Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл — тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл — анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили — «Улуу тил» экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал «Манас» баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн Тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.

Кылычты кыя чапкан тил,
Кыргызым барктап баккан тил.
Кызыл жалын от кечип,
Кылымдап жолду баскан тил.
Кырааты менен сүйлөсө,
Кытайга дагы жаккан тил.

Эчен ашуу ашкан тил,
Элибиз барктап баккан тил.
Элдигин элим жоготпой,
Энедей барктап баккан тил.
Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек
Эпостун баары баткан тил.

Акындын багын ачкан тил,
Акылды элге чачкан тил.
Башынан сактап жат айткан,
Бабабыз Манас баткан тил.
Ааламда элге таанытып,
Айтматов багын ачкан тил.

Баба тилим — бал тилим
Эне тилим эчен доор аттаган,
Эне Сайдан — Теңир Тоого аттанган.
Ырга жакын, ыргак тура деп айтып,
Ырадловдор, Бартольддор мактаган.
Бакай, Кошой, Манас өңдүү бабалар
«Байыркы элдин тили» дешип барктаган.

Бали, ырахмат Аталар,
Баба тилин барктаган.
Урмат сыйга жеткирип,
Урпактары сактаган!

Баба тилим — бал тилим деп кубанам,
Баарыңардан таза тут деп суранам.
Байыркыдан келе жаткан ыйык тил,
Барктабаган өнөө тилдер кулаган.
Кылым сайын кыйла улутка теңдешип
Кыргыз тилим дуулдаганы-дуулдаган.

Урматташып бул тилди,
Уул-кыздар улаганы-улаган.
Булбул кайрык ыргактарын,
Булак коштойт дайрадан!

Тил менен мамлекет
Бул эки тушунук кыргыз эли үчүн ажырагыс, бир, ыйык түшүнүк. Тил ийилсе дил ийилет, тил менен дил ийилген жерде улут жоголот. Кыргыздын кыргыз катары, улут катары жашап калышынын туу чокусу бул кыргыз тили. Тил кыргыз элине жараткандан берилген. Демек, ааламдаштыруунун улуу селинде улут катары кайра жаралуунун идеясы улуттук тилди өз карегиндей сактап калууда жатат. Улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өзөгү да тил. Улуттун уңгу олжосу-ой, сынганы сөз, нускоосу улуулардын салты, ураны — Манас, эл байлыгы тил!

Булак : TYUP.NET

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here