Кыргызстан Обондору радиостанциясынын диджейлер дуйнөлүк гинес китебине рекорд коюуга аттанышты!

0
733

Кыргызстан Обондору радиостанциясынын ишкерлери дуйнөлүк рекорд коюга аттанышты. Алар 62 саат тынымсыз эфир алып барышат. Эскере кетсек дуйнөлүк рекордту 60 саат эфир алып баруу менен Русская радионун диджейлери гинес китебине киришкен. Кыргызстан обондору радиостанциясы 2015 — жылы 29-апрелде Улукбек Сапаров , Дария Санташева , Азат Муратов  бул рекордту бузуп 61 саат эфир алып барышкан, бирок гинес китебине катталбай калган.

Бүгүн алар: Арсен Курамаев , Бермет Айдарова , Абай Темиров мамлекеттик тил күнүнө карата 62 саат бою түз эфирде олтурабыз деп бел байлап олтурушат. Кыргыз эли силерге ишенет жана керек болсо силер менен чогуу уктабай олтурууга даяр        Рекорд 24 — сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат

Активдүү угармандарга бериле турган белектер да эң көп санда. Муну менен катар студияга ар багыттагы өлкөнүн рекордчулары, белгилүү дарыгерлери, спортчулары, ырчылары, маданият жана мамлекеттик кызматкерлери келишет. Дүйнөлүк рекорддун жүрүшүн Кыргызстан Обондорунун  ютуб баракчасынан көрө аласыздар https://www.youtube.com/watch?v=MEqfA0S3y5E

Алар уктабайт! Тыным албайт!

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here