Баткенге жаңы мэр шайланды

0
1782

Баткен шаарынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын баары «макул» деп добуш беришти.

Шайлоо бүгүн 7-июнда өтүп, анда мэрлик кызматка жалгыз Бурканов талапкерлигин койгон. 31 депутаттын баары анын талапкерлигин колдоп, бир да каршы добушсуз жаңы шаар башчысы тандалды.

Имамназар Бурканов шаардык кеңешин шайлоого «Ала-Тоо — кыргыз жери» партиясы менен 13-катарда барган.  И.Бурканов 1965-жылы  Баткен шаарында туулган.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here