Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы көбөйгөнүнө байланыштуу рейд узартылды

0
721

Баткен РИИБү боюнча ЖКККБнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын 1-июндан  6-июнь күнгө карата Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол унаа кырсыгы өсүп кеткендигине байланыштуу башкача айтканда жума ичинде 2 жол транспорт кырсыгы катталып 4 жаш өспүрүм денесинен жараат алып ооруканага кайрылган — деп билдирет Баткен РИИБү боюнча ЖКККБнүн УКТнын улук инспектору З.Ахмедов

Ошого байланыштуу жаш өспүрүмдөрдүн арасында профлактикалык иш чараларды күчөтүү менен жол унаа кырсыгын алдын алуу боюнча “Ролдо жана Балдардын коопсуздугу-Келечектин коопсуздугу” аталышындагы иш чарасы Баткен районунун аймагында 2021-жылдын 7-июндан  күнүнөн 20-июнга чейин өткөрүлөт.

Рейдик иш чаранын жүрүшүн жогорку денгелде өткөрүү үчүн жаш өспүрүмдөрдүн арасында профилактикалык иш чараларды күчөтүү менен жол унаа кырсыктарын жана укук бузуунун алдын алуу боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Баткен РИИБнүн башка кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында  профилактикалык иш чарарларды өткөрүү, ЖККК кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактарда жайгашкан автоунаа өтүүчү автожолдорду текшерип,  жетишпеген жол белгилери боюнча жол көрсөтмөлөрүн билдирүүлөрдү берүү зарыл ошондой эле  Ата-энелер балдарын жол боюнда кароосуз калтырбай жол боюнда ойногон балдарын көзөмөлгө алууу жагын сунуштайт.

2021-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин 8 жол транспорт кырсыгы катталып 1 жаран каза болуп, 12 атуул денелеринен жараат алып оруканага кайрылышкан. Анын ичинен жаш өспүрүмдөр арасында 3 жол унаа кырсыгы катталып 5 жаш өспүрүм денелеринен ар кандай жараат алышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here