Баткенде 11 жашар кыз каналга агып кетип каза болду

0
2242

Бүгүн, 4-июнь күнү саат 11:00 чамасында Баткен шаарындагы каналга 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу өчгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

ӨКМ билдирген маалмытта, куткаруучуларга шаардын Калкаш Батырканов чоң каналына 2010-жылы туулган А.Э. аттуу кыз түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин кыздын денесин жергиликтүү тургундар суудан алып чыгышкан.Бирок кыз каза болуп калган. Кыздын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here