1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү. Бул датага Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан балдар үчүн атайын майрам уюштурулду. Майрам Сүлүктү шаарында өтүп, балдар үчүн атайын асфальтка сүрөт тартуу жолдоо жүрүү эрежелерин камтыган оюн зооктор менен коштолду.
«Ар бир бала коопсуз жана камкордукта чоңойуусу керек, бизден көз каранды болгон бардык кадамдарды так аткаруудабыз» дейт Сүлүктү ЖККК бөлүмүнүн улук инспектору Мирланбек Бердимуратов