Баткен шаарында жаңы балдар бакчасы ачылды

0
1000

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында “Акжолтой Баткен” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.


Салтанатка КРнын Президентинин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен балдар бакчасынын тарбиялануучулары катышты.
140 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен 52млн сомго курулду.
Белгилей кетсек Баткен шаарында 5 мамлекеттик, 6 жеке менчик балдар бакчасы бар.    Анда 1584 бала тарбияланууда.
Шаарда дагы 50 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат.
Баткен шаарында балдар бакчасына баруучу курактагы балдардын саны 4300дү түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here