Баткенде ата-энелердин демилгеси менен балдарды калыптандыруу борбору ачылды

0
1088

Кечээ 30-май Баткен шаарында «Аруу-Жан» балдардын ден соолугун калыптандыруу борбору ачылды.  Бул калыптандыруу борбору ата-энелер тарабынан түзүлгөн «Аруу-Жан» фонду тарабынан каржыланат. Борбор мүнкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин демилгесинин негизинде ачылды.

Аталган борбордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн керектүү адистер иштеп башташат. Буга чейин ата-энелер балдарын Борборго жана башка шаарлардан дарыланып келген. Баткен шаары жана Баткен районунун ДМЧ балдардын ата-энелери биргелешип, Ош-Бишкекке барып келүүгө сарпталган чыгым көп болгондуктан Баткен шаарына ачуу жагы пландаштырылган. Негизинен Баткенде «Нур» балдарды калыптандыруу борбору иштеп келет.  «Аруу-Жан» балдардын ден соолугун калыптандыруу борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылануу үчүн алып келишет.Аталган борбордо балдарга массаж,суу процедурасы жана спорттук дарылоо иштери жүргүзүлөт.Ошондой эле психолог,логопед жана дефектолог адистери да иштешет.

2021-жылдын 30-май күнү аталган борбордун ачылыш аземи өтүп, анда Баткен шаарынын вице-мэри И.Рыскулова жана ДМЧ балдардын ата энелери,көмөк көрсөткөн «Бейиш балдары» коомдук фонду жана «Датка айымдар» коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 172 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here