Баткенде “Акыркы коңгуроо” онлайн өтөт

0
826

Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабы, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү, “Акыркы коңгуроо” салтанатын онлайн форматта өткөрүү чечимин кабыл алды.
Ошондой эле окуучулар арасында бүтүрүү кечелерин, 10-20-30-40 жылдык юбилейлик мааракелерди чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул боюнча өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыкты. Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бүтүрүүчүлөрдүн жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн, 25-май “Акыркы коңгуроо” салтанаты, Баткен облусунун аймагында онлайн форматында өткөрүлөт.
Бул күндөрү коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, окуучулар, бүтүрүүчүлөр арасында тартип бузууларды болтурбоону камсыз кылуу жагы, облустун ички иштер башкармалыгына милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, окуу жылынын аяктаганына байланыштуу, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыккан. Аталган буйрукта, пандемияга байланыштуу, билим берүү уюмдарында, бүтүрүүчүлөргө арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы белгиленген.
“Бүтүрүүчү — 2021” онлайн иш чарасы, ЭЛТР МТРКсынын “Илим — билим” каналы аркылуу, 2021-жылдын 25 — май күнү, саат 10:00дө өткөрүлөт.

Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын буйурмасына ылайык, ИИОнун кызматкерлеринен турган 23төн ашуун мобилдик топ жер-жерлерде жол коопсуздугун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу илдетти алдын алуу жана жайылтпоо максатында 24-26-май күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Автоунааларды коштоп чыккан кортеждерге, юбилейлик жылдарды уюштуруп эс алууга чыккан автоунааларга токтоосуз айып пулдар салынат. Ошондуктан баарыбыз тартипти чогуу сактоону эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here