Баткен облустук ички иштер башкармалыгына жаңы 19 кызматкер катарга кошулду

0
769

Бүгүн, Баткен ОИИБнын имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМнин алгачкы 3 айлык курсун аяктап келип, жаңыдан дайындалган кызматкерлердин ант берүү аземи болду. Бул салтанатка Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов жана өздүк курам катышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.


Жаңыдан ИИОнун катарына кошулуп, кызматка дайындалып жаткан жалпысынан 19 кызматкер Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын күжүрмөн Туусунун катышуусунда ант беришти.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов “ар бир кызматкер ИИОнун катарына кабыл алынып жатканда жоопкерчиликти сезе билиш керек. Биз элдин көзөмөлүндө экенибизди эч качан эстен чыгарбообуз керек. Милициянын күчү-элдин ишеними менен колдоосунда” деп жаш кызматкерлерди туруктуулукка, адилеттүүлүккө, сабырдуулукка жана кыраакылыкка чакырып кетти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here