О.Суваналиев: Демократиялык таза шайлоо өткөрүү негизги максатыбыз

0
976

Баткен облусунун аймагында референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүү аракеттери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу Бүгүн 19-мартта КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйынында маалымдалды. Баткен облусунда өтүп жаткан бул иш чарага ыйгарым укуктуу өкүл Омурбек Суваналиев жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл О.Суваналиев, мамлекеттик кызматкерлерге кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргоого, коштоп жүрүүгө тыюу салынаарын айтып, административдик ресурс боюнча маселе жаратпоого, мыйзам бузуусуз, ачык, таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу үстүндө иш алып барууну тапшырып, “бизде бийликтин партиясы деген жок, эл кимди тандаса, биз ошол эл өкүлдөрү менен иштөөгө даярбыз” деди.

Омурбек Суваналиев, демократиялык, таза шайлоо өткөрүүдө, облус активине бир канча талаптарды койду. Алар;

-Талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүсүндө, жергиликтүү бийлик органдары бирдей шарт түзүп берүү,

-Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандарды каттоодон өткөрүү,

-Шайлоочулардын тизмесин тактоодо, каза болгон жарандар боюнча буга чейинки орун алган кемчиликтерди жоюу,

-Пандемияга байланыштуу санитардык талаптарды камсыз кылуу,

-Шайлоонун эрежелери боюнча маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарды үзгүлтүксүз элге жеткирүү,

-ММКнан талапкерлерге бирдей эфирдик убакыт берүү,

-Светтик өлкө катары, дин өкүлдөрүн шайлоого аралаштырбоо, гендердик теңчиликти сактоо,

-Үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырбоо,

-Административдик имаратnарга үгүт жарнактарын илбөө,

-Бюджеттик мекемелерде, талапкерлер менен жолугушууну, иш процессине зыянын тийгизбөө менен шарт түзүп берүү,

-УКМК, прокуратура, ички иштер башкармалыгы, добуш сатып алууга жол бербөө, эгер мындай фактылар катталса катуу чара көрүү.

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоодо, облус аймагында референдум боюнча 218, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча 201 шайлоо участкалары иштейт.

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын экинчи контролдук тизмеси 2021-жылдын 11-мартында толук такталып, 278837 адамды түздү.

Ал эми референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны 299653 адам.

Шайлоого карата коомдук тартипти камсыздоо максатында 900гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here