Баткен милициясы кенже жетектөөчүү кызматтарга конкурс жарыялайт

0
470

Баткен ОИИБы облус аймагындагы ИИОнун кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт.

Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 2021-жылдын 19-апрелине чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Дарегибиз: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75, 0773-977-789

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here