Кызыл-Кыяда үйдө бекилип калган 2 жаштагы бала куткарылды

0
185

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, бүгүн, 12-апрель күнү саат 10:09 да Кызыл-Кыя  шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган эки жаштагы наристени куткарылды.

Баланы куткарууга саат 10:11де  №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн  1 офицер жана 2  куткаруучу тартылган.  

Натыйжада саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен өз ата-энесине беришкен. Наристенин абалы жакшы. Жабыркагандар жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here