Мындай маалыматты Баткен райондук администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, райондук бийлик өкүлдөрү аймактагы жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөрдү берди.
Бул аракет Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде ишке ашууда.