Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28,37 чакырымы такталды 

0
666

24-29-март күндөрү Баткен шаарында өткөн эки тараптуу делимитация жана демаркация боюнча Өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусунда  чек аранын 28,37 чакырымы макулдашылды. 

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда,  тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here