Кызыл-Кыяда экстремисттик жана террористтик материалдарды таратууга шектелип эки жаран кармалды

0
824

Кызыл-Кыяда тыюу салынган экстремисстик жана террористтик материалдарды социалдык тармак аркылуу таратууга шектелип Кадамжай районунун 32 жана 28 жаштагы тургуну кармалды.  Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Акыл Амираев маалымат берди.

Маалыматка караганда, кармалган жарандар таратып жүргөн материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экенидиги маалым болгон.

Кармалган 32 жаштагы жаран буга чейин 2021-жылы “террордук ишти каржылоо” беренесинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле шектүүнүн бир тууган эжеси 34 жаштагы жаран 2013-жылы Сирия мамлекетине куралдуу согушка кеткендиги маалым болгон.

Бул факты боюнча жазык кодексинин  “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук кароого жөнөтүлдү.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here