Баткенде чек арадагы калабада курман болгон Улан Мусаевдин ысымы өз көчөсүнө ыйгарылды

0
919

Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз катчысы Аскар Баймуратов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2021-жылдын 28-29-30-апрелиндеги жана 1-майындагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан улам Мекенин коргоп жатып каза болгон Улан Мусаевдин ысымы өзү  жашаган көчөгө ыйгарылды.

Баатырдын ысымын ыйгаруу аземине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов баштаган жергиликтүү жетекчилер, маркумдун жакындары, айылдаштары, достору, кесиптештери  катышты.

Белгилей кетсек, чек ара окуяларында каза болгон 40тан ашуун жарандын ысымы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, сейил бактар, спорт комплекси сыяктуу объекттерге берилген.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here