Баткенде үч өрт кырсыгы катталды

0
274

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз катчысы билдирди. 

Маалыматка караганда өрт кырсыгынын бири Кадамжай районунун Ак-Тилек айылында  сарай өрттөнгөн. Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. 

Өрттүн жалпы аянты 126 чарчы метрди түзгөн. 

Ал эми дагы бир өрт Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарындагы дүкөндө чыккан. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда. Дагы бир өрт кырсыгы Баткендеги “Иийне-сайуучу” жерде катталган.

Белгилей кетсек сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталган.

 

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here