Кадамжайдын Марказ айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, өрт кечээ 29-фераль саат 09:53тө катталган. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, саат 10:33тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында алты өрт кырсыгы катталган.