Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда бул паспорттук текшерүүлөр зомбулуктун алдын алуу, уурулуктарга жол бербөө багытында алдын алуу максатында жүргүзүлгөнү айтылат.
Ошондой эле иш чарада мыйзамсыз ок атуучу куралдарды өз алдынча сактабай мыйзамдыштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 278 кожолук текшерилип, 786 атуул менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бир алдамчылык кылмышынын бети ачылды. – деп жазылат милициянын маалыматында.
Милиция азырынча текшерүү учурунда аныкталган “Алдамчылык” фактысы боюнча толук маалымат бере элек.