Кыргызстан Борбор Азия футбол ассоциациясынын аялдар арасында чемпионатында Тажикстанды 4:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу аталган ассоциация социалдык тармактарына жарыялады.
CAFA WOMEN’S FUTSAL Championship 2024 мелдеши 4-февраль Душанбе шаарында башталган. 1-турда Кыргызстан курама командасы Түркмөнстан командасын 3:1 эсебинде жеңип, 2-турга жолдомо алган. 5-февралда кезектеги тур Тажикстан жана Кыргызстан оюнчулары ортосунда өткөрүлгөн.
Борбор Азия футбол ассоциациясы 2014-жылы 10-июнда негизделген, 2015-жылдын 9-январынан баштап расмий түрдө иштей баштаган. Ал өз ичине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Иран футбол федерацияларын камтыйт.