Баткенде бир жума ичинде 850 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу “Салам Медиага” облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, бир жума ичинде тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган -8;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкарган -13;
-Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган — 39;
-Мыйзамсыз терезелерин карангылатып айдаган -1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 789;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 116 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.