Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусу 30-январдан 5-февралга чейин Баткен шаарында өттү. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.