Жыл башынан бери Баткен облусунун аймагында кызамык илдетине беш адам чалдыккан. Алардын төртөө эмдөөдөн өтпөгөндөр. Бул тууралуу аймактык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, беш учурдун, экөө Баткен районунда, үчөө Баткен шаарынын аймагында катталган. Бүгүнкү күндө оорулуулар менен байланышта болгон 15 адам эмдөөдөн өткөн. Учурда бейтаптар изоляцияда даарыланып жатат.
Ал эми өлкө аймагында жыл башынан бери кызамыктын 536 учуру аныкталган.