Кыргызстандын сейсмология институтунун маалыматына караганда, 23-январга караган күнү Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда.
ӨКМ социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.