Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Министрликтен билдиришкендей, учурда өлкө аймагындагы мал базарларды, мал союлуучу жайларды жана этти кайра иштетүүчү цехтерди ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган, көрсөтмөлөрдү толук аткарбаган жана ар бир жарандын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизерине жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Бул аракет амак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.