Кадамжайда экстремизмге чакырыктарды жасап жүргөн 24 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Малыматка караганда, кармалган жаран, Өзбекстан Исламий кыймылы террористтик уюмуна мүнөздүү аудио жана фото материалдарын жайылтууга айыпталып жатат.
Бул факт боюнча кылмыш жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда анын жайылтып жүргөн материалдарына тиешелүү эскпертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.