Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды

0
1145

Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин 15-январь күнү күчүндө калтырган чечим чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот отурумунда Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин, “балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2023-жылы ноябрда өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген.

Айыпталуучунун адвокаты райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here