Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 19 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келди. Бул тууралуу мекеменин өткөн жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалыматта айтылат.
Буга чейин министрлик 2023-жылы чет өлкөлөрдөн мекенине 500дөн ашык кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгенин билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.