Лейлек районунун жалпы 11 миң гектар сугат аянттарынын 54 пайызына насостук станциялардын жардамы менен суу жеткирилет. Бул тууралуу райондук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, учурда бул насостук станцияларды жазгы талаа иштерине даярдоо жүрүп жатат. Кубаттуу насостук станцияларды оңдоп түзөөгө 31 млн. 300 миң сом каралган. Азыр Арка өрөөнүндөгү суу үстүндө калкып туруучу ири насостук станциянын бардык баскычтарында жазга карата даярдыктар жүрүүдө.
Автор: Сабира Бакирбек кызы