Кыргыз-тажик чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
550

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасында, Алай кырка тоолорунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан туштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер силкинүүсү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген эмес.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here