Лейлекте аңчылык кылган жаран кармалды

0
677

Лейлек районунун Катраң айылынын 28 жаштагы тургуну мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелип кармалды. Бул туурасында облустук милициянын басма сөз катчысы кабарлады. 

Ага ылайык, кармалган жаран, Өзгөрүш айылындагы Айыкты деген жайлоосунда мыйзамсыз ок атуучу курал менен аңчылык кылып жүргөн жеринен аныкталып кармалды.

Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар Лейлек райондук сотуна жиберилди.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here